Шарттар жана жоболор

Күчүнө кирген датасы 12-10-2022 (акыркыжаңыртылуусу 12-10-2022)

Бул Колдонуу шарттары сиздинукуктарыңызга таасирин тийгизет жана сизаларды кунт коюп окуп чыгышыңыз керек.

Колдонуу шарттарын кабыл алуу

Бул Колдонуу шарттары сиздин papajohns.com домендик аталышы аркылуу жеткиликтүү болгон мазмунду жана функцияларды жана ушул шарттар жайгаштырылган же шилтемеленген Papa John's International, Inc." (Папа Джон компаниясы) тарабынан башкарылган башка веб-сайттар менен тиркемелерди (жалпысынан "Платформа" аталат) колдонууңузду башкарат Платформаны колдонуу, зыярат кылуу же серептөө менен сиз бул Колдонуу шарттарын кабыл аласыз жана ага макул болосуз. Эгерде сиз бул Колдонуу шарттарына макул болбосоңуз, анда сиз Платформаны колдонбогонуңуз оң. Бул Колдонуу шарттары сиз менен “Папа Джонстун” ортосундагы жарактуу келишим болуп эсептелет жана “Папа Джонс” платформасын колдонууңузга карата колдонулат.

Колдонуу шарттарына өзгөртүүлөр

Papa John's бул Колдонуу шарттарын мезгил-мезгили менен, сизге эскертип же эскертпестен, биздин жалгыз жана абсолюттук карообуз боюнча өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Колдонуу шарттарынын эң акыркы версиясы мурунку бардык версияларды алмаштырат. Өзгөртүүлөрдү жарыялоодон кийин Папа Джонс платформасын колдонууңуз мындай өзгөртүүлөрдү кабыл алганыңызды билдирет.

Купуялык жана Жеке маалымат

Биздин Платформабыздын кээ бир аймактары сизге жеке инсандыгыңызды аныктоочу маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн. Сураныч, бул Платформада сиз берген маалыматка тиешелүү маалымат чогултуу жана колдонуу практикалары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Купуялык саясатыбызды карап чыгыңыз.

Сиздин каттоо эсебиңиз

Платформанын айрым мүмкүнчүлүктөрүнө жетүү үчүн сиз каттоо эсебин түзүшүңүз керек. Эгер сиз Платформада каттоо эсебин түзө турган болсоңуз, сиз каттоо эсебиңиздин жана паролуңуздун купуялуулугун сактоого жана сиздин каттоо эсебиңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө жооп бересиз жана сиздин аккаунтуңуз же сырсөзүңүз астында болгон бардык аракеттер үчүн жоопкерчиликти моюнга алууга макул болосуз. Каттоо эсебиңиздин коопсуздугунун бузулушу же уруксатсыз пайдаланылышы жөнүндө “Папа Джонс” компаниясына дароо кабарлашыңыз керек. “Папа Джонс” каттоо эсебиңиздин уруксатсыз колдонулушунан келип чыккан жоготууларыңыз үчүн жооп бербесе да, ушундай уруксатсыз колдонуунун натыйжасында “Папа Джонс” же башкалардын жоготуулары үчүн сиз жооп беришиңиз мүмкүн.

Платформа өнүмдөрдү кредиттик карта аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар эрезеге жеткен адамдарга сатуу жүргүзөт. Эгер сиз 13 жашка чыга элек болсоңуз, сиз Платформаны карап чыга аласыз, бирок каттоо эсебин түзө албайсыз, өнүмдөрдү сатып ала албайсыз же кандайдыр бир сунуштарга же акцияларга катыша албайсыз. «Папа Джонс» өз каалоосу боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга, каттоо эсебин жабууга, мазмунду өчүрүп салууга же түзөтүүгө же буйрутмаларды жокко чыгарууга укуктуу.

Каттоо эсебиңизде Papa Rewards мүчөлүгү камтылган. Каттоо эсебиңизди түзүү жана колдонуу менен сиз Papa Rewards программасынын жоболоруна жана шарттарына макул болосуз. Каттоо эсебин түзүп жатканда, сиз так жана толук маалыматты беришиңиз керек. Сиз башка бирөөнүн каттоо эсебин уруксатсыз колдоно албайсыз.

Үчүнчү тараптын мазмуну/контенти

Бул Колдонуу шарттары Платформанын бардык колдонуучуларына, анын ичинде Платформадагы видео мазмунду, маалыматты жана башка материалдарды же кызматтарды көрсөтүүчү колдонуучуларга да колдонулат. Платформада “Папа Джонс” компаниясы ээлик кылбаган жана башкарбаган Үчүнчү Тарап Платформаларына шилтемелер камтылышы мүмкүн. “Папа Джонс” компаниясы үчүнчү тарап платформаларынын мазмунун, купуялык саясатын же практикасын көзөмөлдөбөйт жана эч кандай жоопкерчиликти өзүнө албайт. Мындан тышкары, “Папа Джонс” үчүнчү тараптын веб-сайтынын мазмунун цензурага албайт жана түзөтө албайт. Платформаны колдонуу менен сиз “Папа Джонсту” үчүнчү тараптын платформасын колдонууңуздан келип чыккан жоопкерчиликтен ачык эле бошотосуз. Демек, сиз Платформадан чыкканда же ошол Платформадан жеткиликтүү болгон үчүнчү тараптын платформасына маалымат тапшырганда, ошол башка платформанын шарттары жана купуялык саясаты колдонулат.

Платформага кирүү. “Папа Джонс” компаниясы ушуну менен сизге Платформаны ушул Колдонуу шарттарына ылайык колдонууга уруксат берет, төмөнкү шарттар аткарылган учурда:

  • жеке, коммерциялык эмес колдонуу үчүн гана Платформаны колдонууга уруксат берилген;
  • Сиз Платформанын эч бир бөлүгүн, анын ичинде “Папа Джонс” компаниясы же анын лицензиарлары тарабынан берилген Платформанын мазмунун, анын ичинде графикаларды, сүрөттөрдү, тексттерди, санарип жүктөөлөрдү, соода белгилерин, логотиптерди, продуктунун жана программанын аталыштарын же ураандарды ("Папа Джонстун мазмуну") “Папа Джонс” компаниясынын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ар кандай маалымат каражаттарына көчүрө албайсыз же тарата албайсыз;
  • сиз Платформаны максаттуу пайдалануу үчүн негиздүү зарыл болгондордон башка Платформанын кандайдыр бир бөлүгүн модификация кылбайсыз же өзгөртпөйсүз
  • Сиз Платформанын эч кандай электрондук байланыш функцияларын мыйзамсыз, кыйноочу, кыянаттык, башка бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишүү, куугунтуктоо, жалаа жабуу, дискредитациялоо, маскаралоо, уяткаруу, коркутуу же жек көрүү максатында колдонбойсуз;
  • сиз автордук укук же башка интеллектуалдык менчик укугу (же жарыялоо жана купуялуулук укуктары) менен корголгон кандайдыр бир маалыматты, программалык камсыздоону же башка материалдарды, алгач мындай укуктардын ээсинин уруксатын албай туруп жүктөбөйсүз, жайгаштырбайсыз, ойнотпойсуз же тарата албайсыз;
  • сиз эч кандай жарнамалык же промо материалдарды же чакыруунун же уруксатсыз байланыштын башка түрүн жүктөбөйсүз, жайгаштырбайсыз, электрондук почта аркылуу жөнөтпөйсүз; жана (vii) сиз кандайдыр бир компьютердик программалык камсыздоонун же аппараттык жабдыктын же телекоммуникациялык жабдуулардын иштешин үзгүлтүккө учуратып, чектөөгө же начарлатышы мүмкүн болгон вирустарды же башка компьютердик коддорду, файлдарды же программаларды камтыган материалды жүктөбөйсүз, жайгаштырбайсыз, электрондук почта менен жөнөтпөйсүз;
  • Жана башка учурларда да ушул Колдонуу шарттарынын жоболоруна баш ийесиз

Сиз кадимки онлайн веб-браузерди колдонуу менен жөнөкөй адам ошол эле убакыттын ичинде акылга сыярлык түрдө кабыл алганга караганда, “Папа Джонстун” серверлерине көбүрөөк суроо-талап билдирүүлөрүн жөнөткөн кандайдыр бир автоматташтырылган тутумдарды, анын ичинде чектөөсүз "robots", "spiders", "offline readers" ж.б  жүктөбөөгө жана колдонбоого макул болосуз. Жогоруда айтылгандарга карабастан, “Папа Джонс” коомдук издөө системаларынын операторлоруна материалдардын жалпыга жеткиликтүү индекстерин түзүү максатында сайттан материалдарды көчүрүү үчүн spiders ти колдонууга уруксат берет, бирок мындай материалдардын кэштерин же архивдерин көчүрүү үчүн эмес. “Папа Джонс” компаниясы бул өзгөчөлүктөрдөн жалпысынан же айрым учурларда баш тартуу укугун өзүнө калтырат. Сиз Платформада жеке инсанды аныктоочу маалыматты, анын ичинде аккаунттардын аталыштарын чогултпоого же сактабоого же Платформа тарабынан берилген байланыш тутумдарын коммерциялык максаттарда колдонбоого макул болосуз. Сиз Платформанын колдонуучуларын алардын Колдонуучунун Сунуштарына карата коммерциялык максатта тартпоого макул болосуз.

Жоопкерчиликти чектөө

Бул платформа (чектөөсүз, бул жерде камтылган бардык маалыматтарды кошуп алганда) «болгондой, мүмкүн болгондой» негизде берилет. Бул платформага же анын ичиндеги ар кандай маалыматтар жана программаларга анын ичинде, бирок алар менен чектелбеген сатууга жарамдуулугуна же белгилүү бир максатка ылайыктуулугуна карата ачык же кыйыр түрдө эч кандай кепилдиктер берилбейт. Кандай гана абал болбосун “Папа Джонс” компаниясы, анын кызмат адамдары, директорлору, кызматкерлери же агенттери (1) ар кандай каталар, же мазмундагы таксыздыктар үчүн, (ii) биздин платформага кирүүнүн жана колдонуунун натыйжасында келип чыккан ар бир түрдүү формадагы зыяндарга, (iii) биздин корголгон серверлерге жана/же анда сакталган бардык/ ар кандай жеке маалыматтарга, финансылык маалыматтарга уруксатсыз кирүүнүн жана/же колдонуунун натыйжасында, (iv) биздин платформага же андан маалымат берүүнүн ар кандай үзгүлтүкө учурашы же токтотулушуна, (iv) ар кандай үчүнчү тарап тарабынан биздин платформага же биздин платформа аркылуу таратылган ар кандай вирустар, трояндык ат зыянкеч программасы же окшош зыянкеч программалар үчүн, (v) ар кандай каталар жана айтылбай калган нерселер же “Папа Джонс” компаниясы мүмкүн боло турган бул жоготуулар тууралуу алдын-ала кабардар болуп болбогонуна карабастан кепилдикке, келишимге же башка укуктук теорияга ылайык жайгаштырылган ар кандай мазмунду колдонуудан келип чыккан жоготуулар же зыян тартуулар үчүн сиздин алдыңызда эч кандай түз, кыйыр, кокусунан, атайылаган зыян тартууларга жоопкерчиликти мойнуна албайт. Жогорудагы жоопкерчиликтерди чектөө тийиштүү юрисдикцияда мыйзам тарабынан уруксат берилген максим алдыкөлчөмдө аткарылуусу керек.

Сиз ар бир колдонуучу тарабынан берилген материалдар үчүн, колдонуучунун же ар кандай үчүнчү тараптын ушактоочу, мазактоочу же мыйзамсыз аракеттери үчүн “Папа Джонс” компаниясы жоопкер эмес экендигин жана жогорудагылардын натыйжасында жоготуу, зыян тартуу риски толугу менен сиздин жоопкерчилигиңизде экендигин тааныйсыз.

“Папа Джонс” компаниясы бул Платформанын функционалдуулугунун, мазмунунун же Платформанын башка функцияларынын ишенимдүүлүгү жөнүндө эч кандай билдирүү жасабайт жана кызмат иштебей калган учурда бардык жоопкерчиликтен баш тартат. Сиз мындай материалдарга же системаларга таянуу өзүңүздүн тобокелиңизде экенин моюнга аласыз. “Папа Джонс” компаниясы ошондой эле кандайдыр бир мазмунду сактоо мөөнөтү боюнча эч кандай билдирүү жасабайт.

Платформа “Папа Джонс” компаниясынын Америка Кошмо Штаттарындагы мекемелери тарабынан көзөмөлдөнөт жана сунушталат. “Папа Джонс” компаниясы “Папа Джонс” платформасы башка жерлерде колдонууга ылайыктуу же жеткиликтүү экенин билдирбейт. “Папа Джонс” платформасына башка булактардан киргендер же аны колдонгондор муну өз каалоосу менен жасашат жана жергиликтүү мыйзамдардын сакталышы үчүн жооп беришет. Сиз “Папа Джонс” компаниясын, анын башкы корпорацияларын, аффилирленген кызмат адамдарын, директорлорун, кызматкерлерин жана агенттерин төмөнкүлөрдөн келип чыккан ар кандай/бардык дооматтардан, зыяндардан, милдеттенмелерден, жоготуулардан, милдеттенмелерден, чыгымдардан же карыздардан жана чыгашалардан (адвокаттардын акысы кошулган бирок аны менен чектелбеген) тосууга, коргоого жана ордун толтурууга макул болосуз:

  • Платформаны колдонуу жана ага кирүү;
  • актуалдуу Колдонуу шарттарынын каалаган шарттарын бузууңуз;
  • кандайдыр бир үчүнчү жактын укугун, анын ичинде автордук укукту, менчикти же купуялуулукту чектөөсүн бузууңуз; же
  • Сиздин Колдонуучу материалдарыңыздын бири адепсиз, жалаа жабуучу, сынга алынуучу же үчүнчү тарапка зыян келтирген деген ар кандай доомат. Бул коргоо жана зыяндын ордун толтуруу милдеттенмесинин жарактуулугу ушул Колдонуу шарттарынын жана Платформаны колдонууңуздун мөөнөтүнө чейин уланат.

Тиркеме платформасынын колдонуучулары

Платформа Тиркемесин колдонуу мобилдик аспапты жана зымсыз мобилдик маалымат берүү кызматын колдонууну талап кылат, бул сиздин зымсыз байланыш операторуңуздан алынышы керек жана Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн талап кылышы мүмкүн, бул сиздин кызмат провайдериңизден алынышы керек; Сиз мындай кошумча кызматтарды алуу жана төлөө жана ылайыктуу аппаратты алуу үчүн жооптуусуз, анын ичинде колдонууга жана тейлөөгө байланыштуу бардык чыгымдар үчүн чектөөсүз жооптуусуз. Сиз өз эсебиңизден “Папа Джонс” компаниясынан, өз уюлдук байланыш оперторуңуздан же кызмат көрсөтүүчү үчүнчү тараптардан Платформага байланыштуу электрондук каттарды анын ичинде чектөөсүз, административдик билдирүүлөрдү, кызмат жарыяларын, диагностикалык маалымат отчетторун жана Платформанын жаңыртууларын жөнөтүүгө жана алууга милдеттүүсүз. Эгер сизде чексиз уюлдук маалымат берүү планы жок болсо, Платформаны колдонууңузга байланыштуу зымсыз кызмат провайдериңиз кошумча акы алышы мүмкүн. Сиз Платформага жетүү үчүн зарыл болгон ар кандай кошумча жазылуу же туташуу кызматтарын же жабдууларды алуу үчүн, анын ичинде, чектелбестен, ага байланыштуу бардык үчүнчү тараптардын жыйымдарын, анын ичинде Платформага же бул аркылуу берилген маалымат үчүн төлөмдөрдү төлөө үчүн толук жооптуусуз.

“Папа Джонс” компаниясы өзүнүн кароосу боюнча платформага жаңыртууларды маал-маалы менен автоматтык түрдө сиздин түзмөгүңүзгө жүктөй алат. Сиз бул Платформа жаңыртууларын кабыл алууга жана аларды алууга байланышкан бардык чыгымдарды төлөөгө макулдугуңузду билдиресиз. Платформа бардык түзмөктөр менен же бардык уюлдук операторлор менен иштебеши мүмкүн. “Папа Джонс” компаниясы Платформа бардык зымсыз операторлор менен шайкеш келет же алар тарабынан камсыз кылынат деп эч кандай билдирүү жасабайт. Платформаны пайдалануу үчүн акы алынса же башка үчүнчү тараптын кызмат көрсөтүүчүлөрү алар көрсөткөн өнүмдөр же кызматтар үчүн акы алышса, сиз ал өнүмдөрдү же кызматтарды мындан ары колдонуу үчүн тиешелүү тарапка мындай жыйымдарды төлөөгө макул болосуз. Кээ бир кызматтардын башка же кошумча шарттары (анын ичинде жыйымдар) болушу мүмкүн, аларга сиз мындай кызматтарды колдонуудан мурун макул болушуңуз керек.

Apple платформасынын колдонуучулары

Эгер сиз биздин iPhone же iPad үчүн тиркемебизди жүктөп алып, колдонсоңуз: Сиз, бул Платформанын акыркы колдонуучусу катары бул келишим Apple Inc. менен эмес, Papa John's менен сиздин ортоңузда экенин моюнга аласыз жана Apple Inc. Платформа жана/же анын мазмуну үчүн жооптуу эмес. Жогоруда айтылгандарга карабастан, сиз Apple Inc. жана анын туунду компаниялары ушул келишимдин үчүнчү жагынын бенефициарлары болуп эсептелээрин жана Apple Inc. ушул келишимди аткарууга укуктуу (жана бул укукту кабыл алды деп эсептелет) экенине макулдук бересиз. Сиз Apple Inc. Платформаны колдоо же кызмат көрсөтүү боюнча эч кандай милдеттенме албагандыгын таксытайсыз. Сиз App Store Тиркемелер дүкөнүнүн жоболору жана шарттары менен таанышкандыгыңызды ырастайсыз (интернетте төмөнкү даректер боюнча жайгашкан http://www.apple.com/legal/itunes/us/terms.html жана http://www.apple.com/legal/itunes/ us/terms.html#APPS). Бул келишим Apple Inc тарабынан жарыяланган Лицензияланган («LAEULA») тиркеменин акыркы колдонуучусу менен Лицензиялык Келишимин шилтеме аркылуу кирет. (Интернетте http://www.apple.com/legal/itunes/appstore/dev/stdeula/ дарегинде жайгашкан). Бул Макулдашуунун максаттары үчүн, Платформа LAEULAда аныкталгандай "Лицензияланган тиркеме" болуп эсептелет жана “Папа Джонс” компаниясы LAEULA аныкталгандай "Тиркеме Провайдери" болуп эсептелет. Эгерде ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жоболору Келишимдин жоболоруна карама-каршы келсе, актуалдуу Макулдашуунун шарттары артыкчылык күчкө ээ болот. Мындан ары сиз эч кандай шартта Apple Inc. Платформага байланыштуу эч кандай дооматтар үчүн (анын ичинде, чектөөсүз, Платформа үчүнчү жактын интеллектуалдык менчик укуктарын бузгандыгы тууралуу ушул үчүнчү тараптын дооматы) же Платформаны колдонууга же ээлик кылууга, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен төмөнкүлөр үчүн жоопкер эмес экендигине макул болосуз:

  • Өнүмдүн сапаты үчүн жоопкерчилик боюнча дооматтар;
  • Платформа кандайдыр бир мыйзамдуу же ченемдик талаптарга жооп бербейт деген ар кандай дооматтар; жана
  • керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо же ушул сыяктуу мыйзамдардын алкагында келип чыккан дооматтар.

Колдонуу шарттарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү

Сиз 13 жаштан жогору экениңизди, же компетенттүү жашы жете элек экениңизди же мыйзамдуу түрдө ата-энеңиздин же камкорчуңуздун макулдугу бар экенин жана ушул Шарттарда баяндалган шарттарды, жоболорду, милдеттенмелерди, ырастоолорду, өкүлчүлүктөрдү жана кепилдиктерди аткарууга жана ошондой эле ушул Колдонуу шарттарына баш ийүүгө жана сактоого толук жөндөмдүү жана компетенттүү экениңизди таст. Кыктайсыз. Кандай болгон күндө да, сиз 13 жаштан жаш эмес экениңизди ырастайсыз, анткени “Папа Джонс” Платформасы 13 жашка чейинки балдарга арналган эмес. Эгер сиз 13 жашка чыга элек болсоңуз, сураныч, “Папа Джонс” Платформасын колдонбоңуз - сиз үчүн башка көптөгөн сонун сайттар бар. Кайсы сайттар сизге туура келери жөнүндө ата-энеңиз менен сүйлөшүңүз.

Соода белгилери жана автордук укуктар

Текст, графика, баскычтардын сүрөтчөлөрү, сүрөттөр жана программалык камсыздоо сыяктуу бул онлайн кызматка камтылган бардык мазмун “John's International Inc” тин туунду компаниясы болгон “ПиДжей Сентрал Эйжа” ЖЧКнын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын автордук укук мыйзамдары менен корголот.

Бул интерактивдүү кызматтын мазмуну жана программалык камсыздоосу маалымат же сатуу булагы катары колдонулушу мүмкүн. Бул интерактивдүү кызматтын мазмунун ар кандай башка максатта пайдаланууга, анын ичинде кайра чыгарууга, өзгөртүүгө, таратууга, өткөрүп берүүгө, кайра басып чыгарууга, көрсөтүүгө же аткарууга катуу тыюу салынат.

«Папа Джонс» (Papa John's), «Папа Джонс Пицца» (Papa John's Pizza) жана «Папа Джонс Пицца» (Papa John's Pizza) модулдук логотиби Papa John's Inc компаниясынын АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү катталган соода белгилери болуп саналат. Башка «Папа Джонс Пицца» (Papa John's Pizza) графикасы, логотиптери жана соода аттары Papa John's Inc.тин соода белгилери болуп саналат. «Папа Джонс» (Papa John's) тун соода белгилерин “Папа Джонс” компаниясы менен байланышпаган кандайдыр бир өнүм же кызмат менен байланыштырып, кардарлардын арасында баш аламандыктарды жаратуучу же «Папа Джонс Пицца» (Papa John's Pizza) ны кемсинткен же жаманатты кылган кандайдыр бир ыкмада колдонууга болбойт.

Товарды жеткирүү

  • Эгерде Сатып алуучунун күнөөсүнөн улам Сатып алуучунун ал буйрутма кылган Товарды кабыл алуудан жана/же акысын төлөөдөн баш тартуусу же жалган чалуулар болгон учурда, Сатуучу Сатып алуучунун логинине (абоненттик телефон номерине) бөгөт коюуга укуктуу.
  • Товарды жеткирүү Курьердик кызматы тарабынан Интернет-сайтта/Веб-тиркемеде Буйрутманы жайгаштырууда Сатып алуучу көрсөткөн актуалдуу дарек боюнча жүзөгө ашырылат.
  • Жеткирүү зонасында товарларды жеткирүү (жеткирүү зонасы Сайтта/ВебТиркемеде көрсөтүлгөн же телефон аркылуу тактаса болот) Сайтта/Веб Тиркемеде көрсөтүлгөн иштөө убактысына ылайык жүзөгөа шырылат.
  • Товарды жеткирүү зонасынан тышкары даректерге жеткирүү мүмкүнчүлүгү жекече каралат.
  • Товарларды жеткирүү саат 10дон 02.00гө чейин жүргүзүлөт.
  • Жеткирүү убактысы – 45 мүнөттөн 1 саат 30 мүнөткө чейин. Сатуучу бул сунушта жана/же Сайтта/Веб-тиркемеде белгиленген Товарларды жеткирүү мөөнөттөрүн сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бирок Товарды жеткирүү күтүлбөгөн жагдайлардан улам кечигүүсү мүмкүн, мындай учурда бул сунушта көрсөтүлгөн шарттар колдонулат.
  • Жеткирүү Сатып алуучу минималдуу буйрутманын суммасына буйрутма берген учурда ишке ашырылат. Заказдын минималдуу суммасы сатуучу тарабынан бир тараптуу аныкталат жана Сатуучунун Сайтында/Веб-тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Башка шарттар

Бул Колдонуу шарттары анын коллизиондук укук принциптерин эске албаганда, Кентукки штатынын ички мыйзамдары менен жөнгө салынат жана ага ылайык чечмеленет. Бул сайтты колдонуу менен, сиз ушул Колдонуу шарттарына байланыштуу бардык талаш-тартыштар Кентукки штатынын Джефферсон округунда жайгашкан соттор тарабынан каралаарына макул болосуз. Бул Колдонуу шарттары мыйзам тарабынан уруксат берилген максималдуу өлчөмдө колдонулат. Эгерде “Папа Джонс” комапниясы кандайдыр бир себептерден улам сиздин же башка бирөөнүн укук бузуусуна карата иш-аракет кылбаса, “Папа Джонс” компаниясы келечектеги же ушул сыяктуу укук бузууларга карата чара көрүү укугунан баш тартпайт. Эгерде бул Колдонуу шарттарынын кандайдыр бир жобосу мыйзамсыз, жараксыз же кандайдыр бир себептерден улам аткарылбай турган болсо, анда ал жобо ушул Колдонуу Шарттарынан ажыратылат деп эсептелет жана калган жоболордун жарактуулугуна жана аткарылышына таасир этпейт. Бул Колдонуу шарттары Платформаны колдонууга карата сиз менен “Папа Джонс” компаниясынын ортосундагы толук келишимди түзөт.

Кошумча суроолоруңуз болсо, бизге кайрылуудан тартынбаңыз.

Бул саясат боюнча суроолоруңуз болсо же маалыматыңызды оңдоону же жаңыртууну кааласаңыз, callcenter@papajohns.kg дарегине электрондук кат жөнөтүңүз.

Ошондой эле бизге жазсаңыз же 3911 номерине чалсаңыз болот

ООО «ПиДжей Сентрал Эйжа»
ИНН 00808201210097
г. Бишкек, ул. Юнусалиева 278Б
3911 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)
031239111 (шаардык телефондон)
0774391111 (WhatApp)