Cookie файлдарына байланыштуу Саясат

Күчүнө кирген датасы 20.07.2017 (акыркы жаңыртылуусу 2020)

Бул Саясат «ПиДжей Сентрал Эйжа» ЖЧКнын сайттарына жана тиркемелерине карата колдонулат.

Сураныч, биздин тиркемелерди жүктөп алуудан жана/же кызматыбызды колдонуудан мурун бул колдонуу шарттарын кылдат окуп чыгыңыз.

Биздин веб-сайт cookie файлдарын Google Analytics үчүн гана чогултат.

Cookie файладрын колдонуу саясаты

Cookie  деген эмне

Cookie – бул интернет колдонуучунун катуу дискине жайгаштырылган өтө кичинекей тексттик файл түрүндөгү маалымат. Ал негизинен веб-сайтты тейлеген компьютер болуп эсептелген веб-баракча сервери тарабынан түзүлөт. Cookie файлдарында камтылган маалымат сервер тарабынан коюлат жана колдонуучу сайтка кирген сайын сервер тарабынан колдонулушу мүмкүн. Cookie файлдарын интернет колдонуучусунун идентификациялык картасы катары кароого болот, ал сайтка колдонуучу кайтып келгендиги тууралуу кабар берет.

Cookie файлдарын кантип колдонобуз

Биз кеңири таралган көз салуу технологияларын колдонобуз

Бул веб-сайтты же кызматты колдонгонуңузда, электрондук каттарды окуганыңызда же башка жолдор менен компьютер же мобилдик түзмөк аркылуу биз менен баарлашканыңызда, биз белгилүү бир убакыттын ичинде веб-сайттардагы колдонуучулар тууралуу жеке маалыматтарды чогултабыз. Бизде ошондой эле ушундай жол менен жеке маалыматтарды чогулткан үчүнчү тараптар да бар. Бул максатта биз бир нече кеңири таралган көз салуу аспаптарын колдонобуз. Биздин жабдуучулар да бул куралдарды колдонушу мүмкүн. Бул куралдар браузердин кукилерин камтышы мүмкүн. Биз ошондой эле веб-маяктарды, флеш кукилерди жана ушул сыяктуу технологияларды колдоно алабыз.

Биз бир катар себептерден улам көз салуу технологияларын колдонобуз.

Биз жана биздин өнөктөштөр бир нече веб-сайттарда же башка платформаларда белгилүү бир убакыттын ичинде сиз жөнүндө чогултулган маалыматтарды колдонуп, кызыкчылыктарга негизделген жарнаманы көрсөтөбүз. Бул тиркемелер, кызыкчылыкка негизделген жарнаманы же сиз биздин сайттан чыккандан кийин сунулуп жана сизди кайтып келүүгө үндөгөн "онлайн жүрүм-турум жарнактарын” камтышы мүмкүн. Алар ошондой эле сатып алуу адаттарыңызга же онлайн аракеттериңизге жараша биз ылайыктуу деп эсептеген жарнамаларды камтыйт. Бул жарнамалар веб-сайттарга же тиркемелерге жайгаштырылышы мүмкүн. Алар электрондук каттарда да пайда болушу мүмкүн. Бул жарнактарды биз же үчүнчү тараптар тейлеши мүмкүн. Алар биздин өнүмдөр же башка компаниялардын өнүмдөрү жөнүндө болушу мүмкүн.

Биз ошондой эле көз салуу куралдарын төмөнкү максаттарда колдоно алабыз:

  • Жаңы же мурунку кардарларды таануу үчүн
  • Сиздин каалоолоруңузду эстеп, онлайн буйрутма берүүнү жеңилдетүү үчүн
  • Биздин сайттардын натыйжалуулугун өлчөө жана жакшыртуу үчүн
  • Кызыкчылыкка негизделген же максаттуу жарнама менен камсыз кылуу үчүн (кызыкчылыкка негизделген жарнама жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөндө караңыз)
  • Бир канча веб-сайттарда же башка платформаларда белгилүү бир убакыттын ичинде жүрүм-турумуңузга жана аракеттериңизге мониторинг жүргүзүү
  • Биздин кардарлардын жана биздин веб-сайттын конокторунун кызыкчылыктарын жакшыраак түшүнүү үчүн
  • Технологиялык көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү
  • Коопсуздукту жакшыртуу жана алдамчылык аракеттердин алдын алуу

Кызыкчылыкка негизделген жарнама үчүн сиз тууралуу тиешелүү маалыматты кантип чогултабыз?

Сизге эмне актуалдуу экенин аныктоо үчүн, сиз биз менен, биздин филиалдарыбыз жана башка үчүнчү тараптар менен өз ара аракеттенгениңизде бизге берген маалыматты колдонобуз. Биз бул маалыматтарды жогоруда сүрөттөлгөн көз салуу куралдарынын жардамы менен чогултабыз. Мисалы, биз же биздин өнөктөштөр сиздин сатып алууларыңызды же сайттардагы серептөө аракеттериңизди изилдешибиз мүмкүн. Биз бул аракеттерди биздин платформаларда же башка компаниялардын платформаларында көрө алабыз. Биз бул маалыматты чогултууга жардам берген үчүнчү тараптар менен иштейбиз. Бул үчүнчү тараптар сиздин атыңызды же электрондук почтаңыздын дарегин алар чогулткан башка маалыматтар менен байланыштырышы мүмкүн. Бул оффлайн же онлайн режиминде жасалган мурунку сатып алуулар тууралуу маалымат болушу мүмкүн. Же бул сайтты колдонуу жөнүндө маалымат болушу мүмкүн.

Сиз көз салуу куралдарын башкара аласыз

Сиздин браузериңиз сизге куки файлдарын башкаруу мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн. Муну кантип жасооңуз cookie файлынын түрүнө жараша болот. Кээ бир браузерлер браузердин кукилерин четке кагуу үчүн жөндөлгөн болушу мүмкүн. Кээ бир веб-сайттарда биз мезгил-мезгили менен колдонгон флеш кукилерди көзөмөлдөө үчүн бул жерге өтсөңүз болот. Эмнеге? Анткени флэш кукилерди браузердин жөндөөлөрү аркылуу көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

Cookie файлдарын кантипбашкаруу керек

Популярдуу браузерлердин бардык акыркы версиялары колдонуучуларга кукилерди белгилүү бир деңгээлде көзөмөлдөөнү камсыздайт.

Колдонуучулар браузерин кукилердин бардыгын же белгилүү бирөөлөрүн гана кабыл алуу же четке кагуу үчүн жөндөй алышат. Колдонуучулар ошондой эле бразерлерин ар бир куки сунуш кылынган сайын уруксат сурай турган кылып тескей алышат. Муну кантип жасоо керектиги жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз

Кошумча суроолоруңуз болсо, бизге кайрылуудан тартынбаңыз.

Бул саясат боюнча суроолоруңуз болсо же маалыматыңызды оңдоону же жаңыртууну кааласаңыз, callcenter@papajohns.kg дарегине электрондук кат жөнөтүңүз.

Ошондой эле бизге жазсаңыз же 3911 номерине чалсаңыз болот

ООО «ПиДжей Сентрал Эйжа»
ИНН 00808201210097
г. Бишкек, ул. Юнусалиева 278Б
3911 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)
031239111 (шаардык телефондон)
0774391111 (WhatApp)